каңшаар
- Анча так эмес, имиш-имиш кеп, болжоп айтылган кабар, маалымат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кырчак кара каңшаардан, / Сууруп бир чоң ташты алды, / Абыдан жанын кыйнады, / Таш менен мойнун кыйганы, / Башын бөлөк таштады, / Денин бөлөк таштады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кара каңшаар деген бар, / Анын жайы мамындай: / Түбү менен айланса, / Буткул-буткул суусу бар, / Кырчын, кайың, талы бар, / Камышы бар, жекен бар, / Үзөңгү менен тең чыккан, / Жалпак калың бычан бар, / Кайсы экени билинбейт, / Карарган токой нечен бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бет маңдайын караса, / Каңшаар кара зоо болуп, / Мойнун толгоп караса, / Карышкыр жортуп өткүсүз, / Капчал кара коо болуп, / Башын өөдө кылдырбай, / Шилисинен басыптыр, / Кайгысы кара тоо бо…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Кырчактын чыгып башына, / Кыйа карап олтурду, / Каңшаар кара ташына.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Анын үстүнө «черүүлөр чыгып, качкындарды кайра айдайт экен» деген каңшаарлар угула коюп, «кыштын кыраан чилдесинде кызыл чиедей, жылаңач балдар менен эмне күнгө түшөөр экенбиз» деп чочуп турганбыз.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →