каңтар1
- Кыштын бир мезгилинин аталышы.
- Ишти тетирлентме, тескери кылма жорук, терс кыял.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырып Чынар жеткенде, / Каңтара койуп өтөөрдө, / Оордун салып жалт берип, / Кара жерди сайдырып, / Караган элди таң кылып, / Муратты сайбай жер сайып, / Чынар жаман ар кылып: / “Эми сайып алам — деп, / Өзүбектин Муратты, / Заманасын тар кылып, / Талпагын ташка жайамын, / Кең майданды кан кылып!”.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара кытай элинен, / Калдаңдап барды бир балбан, / Кара жерди каңтарып, / Аңтара салчуу немедей, / Далдаңдап барды бир балбан, / Жылкы минбей керк минсе, / Эки буту сүйрөлүп, / Салпаңдап барды бир балбан, / Чыгарбай Табай өлтүрдү, / Жандырбай кайра майдандан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Мындай эчен эр Шууту, / Арбын көргөн сайышты, / Өткөрүп келген башынан, / Албан-дубан салышты, / Камындырбай Шуутуну, / Кара кытай Кежиси, / Каңтара койуп өттү эми, / Кайран Шууту калдайып, / Кара жерге түштү эми.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Толгой баскан жеринде, / Топурак топ-топ үйүлгөн, / Каңтара баскан жеринде, / Казан каптай кара чым, / Аңтарылып көрүнгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Эшикке чыгып Бакайың, / Атын чечип мамыдан, / Арам сезип жаңыдан, / Көкчолок минип толгонуп, / Көөнүндө күмөн ойлонуп, / Кабакка атын каңтарып, / Көрүнбөй барып Бакайың, / Туурдугун аңтарып, / Көптү көргөн Бакайың, / Кебин тыңшап калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →