каңкылда

китептерде 22 жолу, 6 китепте
  1. Каңк-каңк этип үрүү, каңылдоо.
  2. Урганда, кагылганда каңк-каңк эткен дабыш чыгуу.
  3. өт. Обу жок ажылдай берүү, катуу сүйлөп урушуу, оройлук кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Тоо кабышып каңкылдап, / Кээ бир иттин көздөрү, / Чакмак таштай жалтылдап, / Бекбачага жабылды. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Чокмор кетти каңкылдап, / Жер-сууну бузуп даңкылдап, / Ашыккандан Талана, / Арбайтып колун сунганы, / Каракөк тууган Кененди, / Жакасынан алганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
…тууган эме эле, / Карасур деген аты бар, / Калдалаңдын алдынан, / Каршы чаап жөнөдү, / Карагай найза өңөрдү, / Казактардын Семети, / Калдалаң капыр эр жетти, / Каңкылдаган үн чыгып, / Кара бойдон сөз чыгып, / Найзаларын кагышты, / Айабай мыктап сайышты, / Айланада турган эл, / Асабасын жайышты, / Калдалаң, Семет, эки тың, / Кең м… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Тапан хан, Сейит беттешти, / Күч ортосун чектешти, / Каңкылдатып сайышты, / Сайдырбастан кагышты, / Кекенишип турушту, / Кезкерип найза сунушту, / Кезек менен кээри жок, / Акырайа тиктешип, / Ичи жалын, боору жок, / Аманат хан кантер деп, / Айанышар жери жок. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
/ Бир бугуну урду бу, / Өнөрүн көр айууну, / Жамбашынан бир бутун, / Сындыра чапты бугуну, / Ачка жаткан тайгандар, / Каңкылдашып улуду. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →