каңкай

китептерде 24 жолу, 4 китепте
  1. Арык, эти жок, сөөктүү болуп, көрүнүү, кебетеси көлөмдүү болуп тартайып туруу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

Андан мурун Чигитей, / Каңкай менен Таластын, / Башы-айагын калтырбай, / Баарын тегиз көрбөгөн, / Тобокел кылып бел байлап, / Токтобой эми жөнөгөн. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ «Жебени салса керичке, / Ажалым жетет менин, — деп, / Шыпшайдардын жебеге, / Кененим окту кездесе» / Деген ойду ал Чиктей, / Балтасын алып бакырып, / Каңкайлап ураан чакырып, / Таамай чапсаң Кененди, / Кетем деп жерге жапшырып, / Кененим жебе кездээрге, / Жакын жетти шаштырып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Камчы менен бир салып, / Алда минген бууданды, / Кыйкырып Чубак качырды, / Жалаң кылыч колго алып, / Сүйрөтүп жаткан Сыргакты, / Канча кабат тор салган, / Каңкайтып ээрин жуушатып, / Элүүнүн башын бир кесип, / Узунунан сулатып, / Өрдөк кууган шумкардай, / Чубак жүрөт чуратып. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Капыстан каапыр качырып, / Каңкайлап ураан чакырып, / Жыланкара минген ат, / Илбирстей мүчө шаңданат, / Кулактарын жапырып, / Куйругун күүлүү ургулап, / Аркасынан чыккан чаң, / Жөө туман болуп соз… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Маңгыт тургай каңкайлык, / Калбай баары келсе да, / Жазганбай тийчү мен бармын. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек» контекстте окуу →