каңк
- Итти, карышкырды урганда, чаап жибергенде ж.б. учурларда чыгарган дабышы.
- Нерсени катуу урганда, какканда чорт, кыска чыккан дабыш.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алтай каңгай тоолорун, / Жердеп жүргөн кыргызды, / Моңгул айдап чапканда, / Ойноп жүргөн балдардын, / Шилисинен тизмектеп, / Тал башына асканда, / Алтай менен каңгайда, / К…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
Ай уланды, ай кетти, / Акылы айран калгындай, / Чигитей укту бир кепти: / “Каңгайдакы Оторду, / Батай, Катай кошулду, / Дөрбөн келип кол менен, / Каңгайдын жерин толтурду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Индистан барып нетемин, / Жөн койбой мени коргогон, / Каңгайга барсам бекемин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каңгайдан келген калмакты, / Кайт десеңер болбойбу, / Арзың болсо ичиңде, / Айт десеңер болбойбу!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Карсылдашып жарым күн, / Жер зынданга киргени, / Айтып кебин болгуча, / Ирмебей кирпик тиктеди, / Мен басыла түшкөндө, / Кабаган иттей каңк деди, / Ыргып кетип элечек, / Томолонуп шалк деди, / Бүгүн болду төрт күнчө, / Үйүнө басып кирбеди.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →