кашыла
- Кычышкан жерин кайра-кайра кашуу, кашый берүү.
- өт. Четинен аз-аздан алуу, кичинеден ала берүү, кемиктеп отуруу. Эптеп сурамжылап, каржылап чогултуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Күйгөнү барып жем берип, / Сылап-сыйпап кашылап, / Келбегени жөн койуп, / Жүрө берди жан жыргап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сагынышкан арстандар, / Кайта-кайта кучактап, / Бет тийгизе ыкташып, / Алкымынан жытташып, / Көзүнөн аккан жаштары, / Жакаларын чыкташып, / Адам эмес, айбан да, - / Көктеке менен Сарала, / Кыңшылашып кишинешип, / Бирин-бири шор жыттап, / Мойундарын кашылап, / Адамдан бетер аттардын / Жаштары акты тамчылап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →