кашык

китептерде 21 жолу, 6 китепте
  1. Тамак-аш сузуп ичүүгө же бир нерсени сузуп алууга ылайыктап жыгачтан же металлдан жасалган үй буюму.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бербеймин деп айтканга, / Чынгыштын алы келбеген, / Салынуу кашык каадасы, / Калың малы бар, — деген: / “Жетимиш там үйүм бар, / Жеке алтынга толтургун, / Жетимиш миң кул бергин, / Жергелетип эл бергин, / Жер жайнатып мал бергин, / Күнүнө бирден адамды, / Тандап сойуп мен жеймин. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Таластагы жыйынга, / Жети күндө барасыз, / Жети күндөн өткөндө, / Кеңештен куру каласыз, - / Айтып койуп ушуну, / Бир сындырым нан жебей, / Жарты кашык суу ичпей, / Аттанды кайран Ажыбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
…п туз салып, / Дагы кара мурч салып, / Бир колуна кошо алып, / Кылжыкенин алдына, / Койду муну алып барып, / Жарк этип күлүп жиберип, / Унутуп ийип арстанды, / Кашыкты кармап имерип, / Чоң жолборстун жүрөгүн, / Чоң-чоңдон сузуп сугунуп, / Такыр жутуп жиберип, / Жумурткага калганда, / Эсине алып Арстанды, / Туруп калды токтону… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит» контекстте окуу →
Талкандуу кашык келип, колубузга тийгенде, анын ичине талкан жабышып, кайра кетип тургандай, кашыктын учун бир топко бошотпой, колубузду батыра кырып, жуктап кетебиз. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Нечен күн, нечен түн жол жүрүп, каны калып бир кашык, эти калып көк жашык, буту серпилбей калганда бир караан көрүнөт. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →