кашкулак
- Суусар тобуна кирүүчү, ичке тумшуктуу, буттары кыска, денеси жумуру, узун кылчык жүндүү жапайы айбан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Алып барып жаткызып, / Кашкулак менен кажырдын, / Өтүн сурап таптырып, / Түлкүнүн өтүн коштуруп, / Бириктирип ийлетип, / Ууга сугарткан найза экен, / Мөшкөй уйду салдырып, / Күнүгө үч маал ич…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Сүлөсүн бар, чөөсү бар, / Түлкүсү бар, суусар бар, / Карсак менен кашкулак, / Аралашып буда бар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
…ажал өлтүрбөс, / Дары чөптөр бар экен, / Улар деген улуу куш, / Ушул жерде көп экен, / Улардын эти медеткер, / Аркардын эти себепкер, / Муунга дары бугу эти, / Кашкулак өтү табылбайт, / Коросон, испан дегенде, / Көк жорунун өзү жок, / Бел ооруга берерге, / Өтүн ичет турбайбы, / Этин жебей бул жерде, / Тоо текеси көп экен, / Ыс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Жалгызек баатыр бүркүттү, / Үч түлөтүп ал салган, / Азуулуудан жолукса, / Каман, бөрү, түлкү алган, / Кашкулак, карсак, саманчы, / Көргөнүн качан куткарган?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
– Дарыя, дарыя, мага сууңдан бергин, тумшугумду жууп тазалайын, досум кашкулак этин бермек болду, семиз экен этин жейин, – дейт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →