кашкалдак

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Маңдайында жүнү жок (кашка тилкеси бар), тумшугу ак, сууда жашоочу жапайы канаттуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кара куназ, көк кытан, / Илек-илек, көк казан, / Балыкчы бүркүт, суучулдук, / Суунун терең жеринде, / Ойноп жүрөт суу шуңгуп, / Тайлактай болгон ак куулар, / Каркыра менен турна бар, / Кара боор, кашкалдак, / Молдо торгой, сандыгач, / Күкүк деп Зейнеп чакырат. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Кайыңдын баары түзөлүп, / Чегиртке сайрап күү чертип, / Күйкө бийлеп эбеңдеп, / Көрдүңбү, айкөл шерди деп, / Кабар берип баарына, / Королу менен кашкалдак, / Учуп жүрөт сепеңдеп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →