кашкай
- Аппак, таптаза, туптунук болуу, жаркырап туруу.
- Бадырайып ачык, даана болуп көрүнүү.
- өт. Жүзү жарык, жайдары көрүнүү, ачык-айрым көрүнүштө болуу.
- өт. Тартынбай, ийменбей ачык айтуу жазганбоо, тайманбоо.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чачы адамдын чачындай, / Кашы кара чийгендей, / Көзү адамдын көзүндөй, / Кирпик какса билинип, / Оозунда тиши кашкайып, / Күзгүдөй бети тастайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Артында турат чигиттин / Кашкайган сонун жигиттин, / Атайын келген Торгойдун, / Тасмадай бели бүгүлүп, / Тартынбай айткан кебине, / Атасынан түңүлүп, / Араң-араң токтолот, / Келейин деп жүгүрүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Арданган Күдүк алайып, / Ачуусу келип карайып, / Энтиге түшүп дем алсаң, / Текечердей танайып, / Энтелей басып алыптыр, / Жоолугун алып колуна, / Терин аарчый салыптыр, / Таң кашкайган маалда, / Алмамбетке барыптыр, / Күдүктү көрүп Алакең, / Айран азыр калыптыр.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Дагы эки күн алышты, / Аттарын аса байлашып, / Кемерден аткый кармашып, / Аркасына сүрүшүп, / Этектен бурдай түрүшүп, / Чымдуу жерди коо кылып, / Дөкдүр жерди ой кылып, / Көйкөлгөн шибер тулаңды, / Кашкайган чыйыр жол кылып, / Булкуп-силкип ыргытып, / Ыргыттырбай тырмышып, / Эки күн өттү бул жумуш.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Өэү өткүр неме эле, / Кашкайа туулган эр эле / Кара кыргыз, казакка, / Кайда болсо бел эле / Калың элге катышпай, / Семетейден корккондон, / Калмактар жүрчү кеп эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →