кашатта
- Кашатты бойлоо, кашат менен жүрүү, кашатты кыркалай басып өтүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каарлуу Ажат бойунда, / Касташкан чоңдун бири жок, / Хан Коңурбай теги жок, / Кашатта турган көп черүү, / Арасын ачып бошотуп, / Жол берчүдөй пейли жок, / Каарданган эр Манас, / Өткүр кылыч Ачалбарс, / Оң-тескери кайсалап, / Кайда калың топ болс…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Сейитим элөөрүп, / Эки жагын караса, / Кумсар сыйкыр, Куткарбас, / Кашатта турат жанаша, / Куткарбасты көргөндө, / Күйүп ичи от болуп, / Жайнаган кызыл чок болуп, / Камчы берип Күрөңгө, / “Куткарбасты жеңе албай, / Күндө минтип жүргөн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Карап турат Гүлүстөн, / Найзаны карап кымаптап, / Суудан кечип чоң Кыйаз, / Чыга калды кашатка, / Желмогуздай чунаңдап, / Кош кашатта эр Гүлүс, / Өңү күмүш, көөнү сүт, / Каары катуу, заары күч, / Кара бойу каткан күч, / Тулку бойу толгон күч, / Турманынын баары күч, / Качырып тийчү немедей, /…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Аңгычакты кылчайып, / Түштүк жакты карасам, / Көк талаанын кашатта, / Асылуу желек таң менен!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →