кашат

китептерде 54 жолу, 8 китепте
  1. Шымдын, дамбалдын, юбканын белге келүүчү жери, ычкыр, кур байлануучу жээги.
  2. өт. Суунун, өзөндүн, арыктын жээги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра качып дүркүрөп, / Жер аңга түшүп кетиптир, / Жүз жетимиш сүрдүгүп, / Ат ойнотуп сыздырып, / Эр Бактыбай бараткан, / Көрө салып Ачакан, / Байкап турган кашаттан. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Желип чыкты кашатка, / Жеткилең Манас алдырап. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Жаагы кызыл кан болуп, / Баштары челек, нан болуп, / Алакан тери сойулуп, / Мойнунун каны койунга, / Агып кирет куйулуп, / Ычкыр кашат, бел кырчоо, / Андан жерге агып чубуруп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Мурду тоонун кыр таштай, / Кабагы кашат чабындай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Түнөргөн тоолор, терең кашаттар... Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →