кашаа

китептерде 6 жолу, 2 китепте
  1. Жыгачтан же чырпыктан согуп жасалган тосмо.
  2. Белгилүү түшүнүктүн алдына же артына коюлуучу жарым-жартылай ийилген, чарчы же болбосо фигуралуу тыныш белги, ошондой эле формадагы математикалык белги.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кармаган кашаа, тизген таш, / Кездешип калса кай жерде, / Уктан калган нугу, деп, / Айтылып жүрөт бул күндө. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
Биздин айыл Серкенин кашаасында. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
…ң Булактын оозундагы Василийдин жаркыраган үйү, мен уй кайтарган жерлер, Башариндин Ак-Сайдагы бал челеги, Бабайдын чөп чабышы, мен чөмөлө тарткан ой, Серкенин кашаасы, Кыдырма болуп ышкын терчү чоң күңгөй — баары да саналып, көрүнүп туруучу. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →