качырыш
- Бири-бирин качыра бет келүү, беттешүү.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качырышты эки дөө, / Өтө сонун көрөргө, / Баатыр шер кылды кайратты, / Тоодой болгон Дөнөнү, / Найзага илип жөнөргө.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кайрат кылып качырсам, / Калбаса тирүү чымын жан, / Өлтүрбөй койсо өзүмдү, / Коросонду тапшырсам” / Малы кетип куурулуп, / Өңүнөн азып кубулуп, / Чын шаштысы кеткенде: / “Качырышып Кененге, / Кайрат кылып көрөйүн, / Качантан бери кармашта, / Талыды бекен Кененим?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кылганына Коңурдун, / Кыраан Манас көгөрүп, / Жайнап жаткан калың кол, / Алмамбет айткан терең ор, / Баарын эстен чыгарып, / Коңурбайдын артынан, / Кууп кирди көшөрүп; / Кайра качты Коңурбай, / Качырышып беттешип, / Кайрат кылып тура албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качырышты баатырлар, / Кыргыз, кытай, калмактар, / Карап турду болуп жар.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Аргымагым арка элең, / Минериме ат элең, / Качырышкан душманга, / Басаар жолго жат элең, / Арбытып жолду басарсың, / Мусапыр болдум далай ай, / Муңдуу көңүл ачарсың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →