качкын
- Кандайдыр бир себеп менен жер которуп качып жүргөн, качып келген киши.
- Аскерлик милдетин аткаруудан баш тарткан, армиядан качып жүргөн киши.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Чаңбейсендин чыгышы, / Деңиздин бойун жердеген, / Чарба баккан эл экен, / Мурунку жүргөн кишилер, / Качкын кыргыз дээр экен.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эми колго түштү деп, / Буруттун иши бүттү — деп, / Аты менен Манасты, / Айдап алып кетем деп, / Андан башка буруттун, / Даты кимге жетер деп, / Сорандыктын качкын кул, / Айласы чындап кетер деп, / Чымырканып Коңурбай, / Чындап кирди бекем деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Кырк күндүк мөөнөт уккан эл, / Тороңдошуп чуу койду, / Качкынды кармап берем, деп, / Көптүн ичи чуу болду, / Үйүнө барып Тапан хан, / Ойлогону бу болду, / Сүйлөшкөлү кыз менен, / Чин акылы токтолду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Качкынсыңбы бир жактан?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Не керек, баятан берки сөздөр окуган балага кенедей таасир эткен жок, кызыл атты токуп, лып этип минип алды да, Каркыраны көздөй кеткен улуу жолго салып, качкын кууп бараткандай үстү-үстүнө камчылап, зымыраган бойдон заматта көздөн кайым болду.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →