качантан

китептерде 12 жолу, 7 китепте
  1. Кайсы убактан, кайсы мезгилден, кайсы маалдан.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ылаа кайта барыптыр, / Уккан-көргөн кептерин, / Түк калтырбай салыптыр, / Угуп алып Каракөз, / Санын чаап каткырып: / — Кара кыргыз Бактыбай, / Теңтуш киши кептенип, / Мага салам айттырып, / Бул кудайдын иши экен, / Жалгызектин Бактыбай / Качантан бери катарга, / Кошулушкан киши экен? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Качантан бери оору? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Кайрат кылып качырсам, / Калбаса тирүү чымын жан, / Өлтүрбөй койсо өзүмдү, / Коросонду тапшырсам” / Малы кетип куурулуп, / Өңүнөн азып кубулуп, / Чын шаштысы кеткенде: / “Качырышып Кененге, / Кайрат кылып көрөйүн, / Качантан бери кармашта, / Талыды бекен Кененим? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Качантан бери туйгузбай, / Кар кылууну болжодуң?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
— Качантан бери? Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →