кач
- Жеткирбөө, алыстап кетүү, кутулуу үчүн аракет кылып жүгүрүү, карматпоонун аракетин кылуу.
- Көрүнбөй, билинбей калыш үчүн бир жакка кетип калуу, жашырынуу, жанына жолобоо, жакындабоо, оолак жүрүү.
- Тартынуу, чегинүү, батына албоо.
- Мурдагы калыбынан азаюу, басандоо, жок боло баштоо.
- Букадан чыгуу (уйга карата гана айтылат).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Айрыкча качат дөөлөт-бак, / Агып жүргөн кептерди, / Кулак төшөп тыңдасаң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Жоо келсе жолдон качпайлы, / Жүйөөсүз сүйлөп азбайлы, / Алайып бизге келбесе, / Ат бастырып барбайлы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Үч жыл кысыр турчу эле, / Алтайдын Айдыңкөлүнө / Мындан качып барчу эле, / Кардына бала бүткөндө / Кайра келип алчу эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Качарга айла таба албай, / Туруп бердим дөбөгө, / Алдыма келген жигиттер, / Кийгени темир күрөөкө / Токтолуп турду кеп сурап, / Кайсы жер болот, деп сурап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Көп мезгилден кийин аркан чирип үзүлөт, бугу болсо качып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →