катыш1
- Бири-бири менен катнашуу, катнаш кылуу мамилеси, келим-кетим, алдым-бердим байланыш.
- Тиешелүүлүк, кандайдыр бир байланышы бар экендик.
- Алыш-бериш кылган, катышкан адамдар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тийишпесең тийбеймин, / Катышпасаң кишиге, / Катышууну билбеймин.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ “Баатырдын огу белек, — деп, / Катышым менин керек” – деп, / Аны менен кээри жок, / Эл чуркурап деректеп, / Көйнөгүнүн ичине – / Төшүнө катып жиберет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Катышпаймын элиңе, / Карабаймын жериңе, / Сенин кунуң кубам, деп, / Барып калса жериме, / Жамандыкка жамандык, / Айабаймын дегеле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Каңгайга барып катыштым, / Качпай бир жыл атыштым, / Арстандарды алдырдым, / Ач каманга чалдырдым.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Өэү өткүр неме эле, / Кашкайа туулган эр эле / Кара кыргыз, казакка, / Кайда болсо бел эле / Калың элге катышпай, / Семетейден корккондон, / Калмактар жүрчү кеп эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →