катырма
- Ачыбаган камырдан жайылып, казанга же отко кактап бышырылган нан, калама.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Деп Алмамбет какшанып, / Басылбай боздоп үн салып, / Ичин жарып жинди алып, / Тазалап канын жуудуруп, / Катырма даары куйдуруп, / Каратып туруп Манасты, / Бакай ханга баш жагын, / Баркы менен жуудуруп, / Табытка салып Көкчөнү, / Үч жеринен буудуруп, / Намасын окуп Алмамб…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Чачтай кескен жайган аш, / Манту менен чүчбара, / Чойгон камыр чубалган, / Самса менен катырма, / Кирде менен ак токоч, / Андай аштын түрү кеп, / Чайнекке салган балы бар, / Демдеген кызыл чайы бар, / Кара мурч, кажо, калемпир, / Тамагында дагы бар, / Ка…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →