катыра
- Катыр-катыр этүү, катыр эткен дабыш чыгуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ады, / Найзаларын ыргашып, / Качырыша баштады, / Асылдан найза жеткенде, / Тентектин бири Көкбөрү, / Ыргып кете жаздады, / “Кайра айланып сайганда, / Кадемимди катырат, / Кайратымды кем кылат, / Кара жерге тең кылат”, / Деп кара нээт Көкбөрү, / Каралык кылып уйалбай, / Кайрат кылып тура албай, / Качырып найза уралбай, / Камчы…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Мына минтип бул экөө, / Жарышып келе жатышат, / Жолуна, келгендин, / Бөөдө шорун катырат, / Бул экөөнүн түрүнөн, / Көпкө кирди калтырак, / Жерден оро казылат, / Таштар кулап калдырап, / Сүр көрсөтүп нечен түр, / Кененеимге бул экөө, / Кирип келди жакындап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Алдындагы Күрөңдүн, / Ооздугун чыгарып, / Азыраак чөптөн чалдырды, / Катыра койуп суусунан, / Чаңкаганын кандырды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бирге жүрүп, бир өскөн, / Канчоро кести колумду, / Айчүрөктү бел кылсам, / Ашаткы берип аш бербей, / Катырабы шорумду?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Карадың кыйла кыр ташты, / Байкап туруп ойлодум, / Катырат — деп, — баатыр не башты?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →