катындык
- Жоругу, мүнөзү жагынан катын экендигин билгизген, катынга тиешелүү болгон сапат.
- Катындын абалы, катын экендик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Катындыгын ким билди, / Качып кетти Жасанды, / Билгеним менин ушу деп, / Айтып болду кабарды.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Катындык кылып Агеркеч, / Азгашып кетти дедиңер, / Алмамбетти чакырып, / Мында алып келиңер, / Ырас болсо ал иши, / Өлтүрүп аны бериңер!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Сейиттен сурап сулууну, / Катындыкка алсамбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Каныкей кеби бүттү эми, / Семетей туруп кеп айткан: / — Катын туруп Каныкей, / Жакып ханды жалмадың,, / Абыкени аймадың,, / Көбөштү көргө киргиздиң, / Айткан сөзгө тил албай, / Катындыгың билгиздиң, / Арамдык кылат өлтүр деп, / Жаш балага тийгиздиң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Катыгүн, болуп калбайлы, / Катындык кылып, кеп салып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →