катын-калач

китептерде 7 жолу, 3 китепте
  1. Жалпы эле аялдар (катындар).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Алар антип жатканда, / Токсон миң үйдө эр бүлө, / Бүт калбастан аттанды, / Ары-бери тынбастан, / Чапкан киши короктоп, / Найзалары сороктоп, / Катын-калач, жаш бала, / Эми кандай болот деп, / Ыйлаган бар шолоктоп, / Ошол кезде карасаң, / Кудай бетин көрсөтпө / Манастын уулу кара көк, / Башына сары чалынып, / Үстү… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Катын-калач, бүлөгө, / Туйдурбады бирөөнө, / Качмакчы болду кырк чоро, / Кечке чейин камынып, / Туйгузбастан көп элге, / Түнүндө жолго салганы, / Бирден тулпар байлануу, / Манастан бери карата, / Баарысы тегиз камдалуу. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Катын-калачтар болсо: Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Катын-калач дебей ала-кула болуп, ар кайсы көчөлөрдөн бирден, экиден самсаалап, топ-тобу менен музоолорун, уйларын айдап келип, өткөрүп берип жатат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Абал ушинтип жаткан тушта, Кыргыз-Сайдагы бирин-серин катын-калач малайлар кеч кирип, бир жерге чогулуп алды. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →