катын2

китептерде 989 жолу, 10 китепте
  1. Аял, зайып («аял» деген сөзгө караганда одонороок мааниде колдонулат).

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Өзү катын албады. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Саламат менен Ачакан, / Жылдыз чыкпас күн тийбес, / Келбес жерге кетиптир, / Жеталбадык аларга, / Деп айтып бар ханыңа / Катына катты Кененим, / Жазып койду бетине, / Айчыгы алтын чоң мөөрүн, / Басып койду четине. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Алакеңдин жанына, / Ашыгып Серек келгени, / Эмгичекти элдерге, / Айтылып калды эрмеги: / — Баш кишибиз Алмамбет, / Мен айтамын саа бир кеп, / Молдоңо айтып көрүңчү, / Катыңды окуп кара, деп, / Чакырып алып молдосун, / Катчы болгон жолдошун: / — Байматтын санын оку, — деп, / Болбосун жаздым кокус, — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Өлгөнүн көрбөй баатырдын, / Же көмгөнүн көрбөй баатырдын, / Катынын кантип сен алдың?! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
Мынабу чыгдандын жанында, жыртылган электи чүпүрөк салып жамап буту колу жоон, тоголок бир кара катын отурат. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →