катыгүн
- Өкүнгөндө, кайгырганда же катуу чочуп кеткенде колдонулуучу сөз.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Алды-аркасы качкандар, / Бирин-бири карашып, / Күйүшүп жүрүп табышты, / Катышып келип кыргыздан, / Катыгүн кордук көрдүк, деп, / Бабырап кебин салышты, / Жайма сүйлөп жажалап, / Жаагы талып калышты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Угуп Жаңгыр делейип, / Тиктеп калып элейип: / — Катыгүн, Чыңгыш, не дейсиң?!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Армандуу кылып эл журтун, / Ал дүйнө кетти катыгүн…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Катыгүн, болуп калбайлы, / Катындык кылып, кеп салып!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
— Каранкүн, катыгүн!
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →