катуулук

китептерде 2 жолу, 2 китепте
  1. Нерсенин катуу экендиги, бектиги, катуу, бек экендигине байланыштуу сапаты.
  2. Адамдын туруктуулук, кайраттуулук, чыдамкайлык сапаты.
  3. Сараңдык, зыкымдык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

такап көөдөнгө, / Төбөсүнө көтөрмөй, / Отуз эки ат машы, / Жетимиш эки жөө машы, / Токсон күндө бүтүптүр, / Булардын кылган ишине, / Караан калган кара жер, / Катуулуктан түтүптүр. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Үңкүрдүн кара капчыгай, / Анда чыгат чыт ыргай, / Ыргайдын түзүн кыйдырып, / Ыктуусун күнүгө жыйдырып, / Көлөкөдө кургатып, / Жарыгы жоктон шыпшатып: / Катуулугу ыргайдын, / Адам өлчөөр эме эмес, / Жашык-жушук темирден, / Каткан ыргай кем эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →