катуула
- Жүрүшүн, кыймылын тездетүү, ыкчамдоо.
- Аябай күчөө, күчүнө алуу, кыйын боло баштоо, оордоо.
- Бирөөгө катуу айтып, сезгидей мамиле кылуу, тил тийгизе айтуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каратил угуп баатырдан, / Катуулата бастырган, / Аңдып турган немедей, / Батай, Катай алдынан, / Чыга калды капыстан.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ “Калмак жоо келсе какшат, деп, / Катуулап айтат мындай деп, / Кытайдан келсе чабуулчу, / Кыраан айтат кыйрат, деп, / Кытай менен калмакка, / Казат кылат экен”, деп – / Ойлонду Алмаң мындай кеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Менин атым Чаңчыкпас, / Буркураган шор менен, / Айабай жүрсөм катуулап, / Аркасынан чаң чыкпайт, / Ар кандай минсе чалгынга, / Кароолдогу эр туйбайт.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Абыке менен жаш бала, / Күйнөлүп калып аз гана, / Алаңдашып караса, / Карааны көзгө илинбейт, / Кай кеткени билинбейт, / Элесин көрбөй элеңдеп, / Эми кандай болот, деп, / Бастыраар жолун биле албай, / Баштагыдай катуулап, / Чаң созулта жүрө албай, / Жүргүн десе Байтерек, / Бөлүнүп калды тил албай.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →
Бала Курман жаңкыдан катуулап, Бейшембини теше карап:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →