катуу1
- Катып калган, борпоң, жумшак эмес.
- Оор, кыйын, кыйноо тарттырарлык, алсыратарлык.
- Аябай, өткөрө, эң эле, өтө эле.
- Бек, күч менен.
- Тез, ылдам, күү менен.
- Оор, орой, көңүл ооруткудай, капа кылгыдай.
- Күчтүү, бекем.
- Чыдамдуу, туруштук бере турган күчү бар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара ташка далк этип, / Катуу тийди даңк этип, / Сынып кетти бир буту, / Кашка жилик шаңк этип, / Секирип кобо калам деп, / Жыгылып кетти жалп этип.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Эшкен чеге жип болсо, / Алып келгин алдыма, / Жамбашыман катуурак, / Өткөндө жакшы уктаймын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…ындай, / Ичин мындай чоң кылып, / Топосун ичке үйдүрүп, / Түн ичинде жеңекең, / Акбалбанга көтөртүп, / Агын сууга куйдуруп, / Бир жерге эмес, ар жерге, / Агыны катуу шар жерге, / Төктүрүп сууга урдуруп, / Түк билгизбей кишиге, / Каздырып жайын бүтүрдү, / Каныкей көөнүн тындырып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Эр Гүлүстөн бир күнү, / Карабуура Чаткалдан, / Бүркүт салып келаткан, / Утур чыкты алдынан, / Катуу жүргөн бир адам.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Мен кырдан жүгүрүп алдымда бир кабакка кире берген жерде түсүнө катуу коркунуч белгиси кирип, көзү чакырайып калың чалканга жаңы тыгылып жаткан бирөө мага:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →