катташ1

китептерде 3 жолу, 2 китепте
  1. Бири-бирине катышып туруу, катыш кылуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Ооруганда жарадар, / Өзүң болуп дабагер, / Пирим элең бир чети, / Мен Таласта турганда, / Өзүң менен акылдаш, / Казан-айак катташкан, / Теңтуш элең бир жери, / Ушул айткан кебимдин, / Эби сага келеби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Эндекей турган кароолчу, / Элебей калган болуучу, / Алдында келген Ырчы уулга, / Катташып калды кароолчу, / Ырчы уулду көргөндө, / Кайра тартып качарга, / Аты жок минген алдында, / Жетип барды жанына, / Кароолчу айтты камына: / — Келбей туруп жооп бер, / Жакындабай жаныма! Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Калмактардын эң карты, / Аны менен бир жүргөн, / Кыргыздардан бай Кошой, / Мазардын тоосун жайлаган, / Мал семирбей калбаган, / Казанда майы кайнаган, / Катагандын кан Кошой, / Бир күнү мындай ойлогон: / “Нуранын суусун атташпай, / Учурашып катташпай, / Кандай жатып алдым? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →