каттама
- Арасына каймак же май сүйкөп, кат-кат кылып бышырган нан.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Аракты койуп, токтотуп, / Обондошуп жуткан жер, / Бура кармап жалынан, / Боз байталды жыккан жер: / Шамшардай болгон ак бычак, / Кекиртектен чалган жер, / Салтанатын ашырып, / Сайрандарга баткан жер, / Каттама менен мычкыма, / Баатыр колду салган жер, / Таман чыккан казыга, / Макилерди малган жер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…йалдан, / Кашкайа чыккан жамандан, / Катындын тилин албайт, деп, / Тазбайматты алдаган, / Далыга уруп жандаган, / Атын берип азгырып, / Тон беришип жаптырып, / Каттама берип, эт койуп, / Казы-карта таттырып, / Алдына койуп аракты, / Айабастан мас кылып, / Көп санаадан козгошуп, / Көз жашы менен дат кылып, / Тазбайматты барган…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Уюн саап, сүтүн ичип, каймагын каттама кылып жеп күн көрүшчү.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
– Сары майга бышырылган каттама болсо!
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →
Ичинен сары майга бышырылган каттама чык, – деп тасторконду ачты эле, тасторкон толду, өлгөнчө жеп тоюшту.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →