катмар
- Бир нерсенин сырт жагын каптаган тышкы бөлүгү же калың массанын кат-кат болгон, кабатталган тилкеси, каты.
- Социалдык, маданий же башка белгилери боюнча жалпылыгы бар, бирдей абалда, бирдей жалпылыкта болгон адамдар тобу, коомдун белгилүү бир бөлүктөн турган тобу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…ен турбайбы, / Атаңдын көрү дүйнө шок, / Азарланып Айчүрөк, / Кабагын түйүп сумсайып, / Шамал чыкчу булуттай, / Бузулуп өңү кумсарып, / Алдындагы жууркандын, / Катмарына кол салып, / Кадимки шамшар – ак тимте, / Сууруп чыкты чунайтып: / — Каратып туруп балаңды, / Канжар менен жарбасам, / Андан кийин өзүмдүн, / Жүрөгүмө малбасам…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →