каткалаң
- Катып калган, катуу, муз туруп калган.
- Үн катышпай, жалаң шыбыш менен айтылуучу үнсүз (мис. п, т, к, ч.).
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Муну койо туруңуз, / Эми Таластан кабар угуңуз, / Каткалаң, Жакып бир тууган, / Каткалаңдын кыз Сайкал, / Калмактарга кошулуп, / Кыргызга канча чуу салган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Чоң катындан туулган, / Жакып менен Шыгай хан; / — Экинчи катын балдары, / Катаган менен Каткалаң; / Үчүнчү катын төрөптүр,
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…канга, / Арка болом дечүү эле, / Алоокенин чоң Коңур, / Нескара, Жолой оңбогур, / Мурадил, Уушаң бар эле, / Чындаша келген кездерде, / Бороончу мыкты эр эле, / Каткалаңдын Сайкалы, / Бизге жакын эме эле, / Уругум кытай ичинде, / Мындай мыкты көп эле.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Анын ары жагында, / Каткалаңдын Сайкалы, / Качып барып кыргыздан, / Каранды болгон калмакка, / Мунун кайсынысын айталы!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Энтелеп Чубак барганда, / Каткалаңдын кыз Сайкал, / Көмө сайып калганда, / Минген атын тутултуп, / Алмамбет барган кутултуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →