катары
- Бирөөгө же бир нерсеге окшош, ошо сыяктуу же ошого тете, ошонун өзүндөй деген мааниде колдонулат.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кара дөөнү какшатып, / Жадыкөй катын, төрт уулун, / Катары менен сулатып, / Бөлүп берип мал-пулун, / Керкиттин элин кубантып, / Кызын алып Кылжыке, / Сулайматты жубантып, / Көк күмбөздү талкалап, / Жан жүрбөстүн Кызылкум, / Урушка чыгып чалкалап, / Жети дөөнүн баласын, / Түгөтө кырып кан жалап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Шаңкайдын малын берсин, деп, / Саламат менен Ачакан, / Катары менен өлдү деп, / Буларды кайта жумшайын, / Жакшы кепке келишсе, / Жаңжалдашып жүрбөйүн, / Дабытай менен салышып, / Калдаңдашып жүрбөйүн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Канча катар тор салды, / Катары менен кыйратып, / Калың жерге жол салды, / Эрегишкен эки эрдин, / Ээ дээрге алын келтирбей, / Элине тирүү кетирбей, / Эбин таап жалмады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Турган киши Семетей, / Айкөл Манас жалгызы, / Кыргыздын элин улаган, / Тоода болсок кулаган, / Сенден мурун менменсип, / Кыргызга келген канча жан, / Аман-эсен кайтпаган, / Атыңды айтып өлгүнүң,, / Атыңды айтпай жашырып, / Ит катары өлбөгүн!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Бир кезде элдин катары менен мага да бир аяк жарма келди.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →