катарлаш1
- Бири-бирине удаа, жанаша, бир катарда.
- Даражасы, деңгээли ж.б. жактары боюнча бири-бирине теңдеш, тең келерлик же чамалаш.
- Жашы жагынан курбу, улуукичүүлүк айырмасы жок, жашташ.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Тойдун ээси чоң Отор, / Кызмат кылып жүгүргөн, / Табай, Катай-эки эр, / Арак ичип, эт жешип, / Катарлашып турганда: / — Карылар, кебиң айтып бер.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Ырчы уул менен Бозуул, / Айбаадан коркуп бастады, / Айбат кылып тура албай, / Катарлашып качканы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Абыке, Көбөш, Жакып хан, / Өрүштөгү малды алып, / Катарлашкан нарды алып, / Казына күмүш зарды алып, / Катканын билбейт сандалып, / Көрүнө турган малды алып, / Чыйырды менен Каныкей, / Кан какшады зарланып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Кийгени кызыл шайыдай, / Кыңгыранган уулдар, / Каз, өрдөктөй катарлаш, / Керилген келин, сулуу кыз, / Салтанат сайран курушуп, / Шапар тээп тунушуп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушу жерге келгенде, менин артымда келе жаткан Беккул катарлаша түшүп:
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →