катарла
- Катар-катар кылып тизүү, жыюу, бир нече катар кылуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Эр Бекбача баратты, / Эми баатыр карматты, / Кадимкидей санатты – / Кырк-элүүдөн кишини, / Катарлап сайчу адатты.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Кара лөктү катарлап, / Сандыкка салып пул артып, / Жетелетип кул тартып, / Кыйратты мени кыргыз, деп, / Кычырып сени келдимби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Улук болуп журт сурап, / Урмат көргөн күнүңдө, / Какан менен Чынмачын, / Катарлап чаап олжо алып, / Карк алтынга бөлүнүп, / Кабың толгон күнүңдө, / Катарга албай, эске албай, / Эч болбосо кепке албай, / Дердейип жүргөн күнүңдө, / Жерге-жээк,…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кардыгач келсе эркелеп, / Узатам деп хан атам, / Катарлап төөсүн жетелеп, / Анда барса эп келет.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Катарлап нарды чиркетип, / Уланбайдан жөнөгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →