катардагы
- Башкалардан өзгөчөлөнүп кетпеген, айырмаланбаган, карапайым, жөнөкөй.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жекеде өлүп орок кыр, / Колу сынып Коңурбай, / Кыргыздар кууп көгөрүп, / Нескара менен Мурадил - / Экөө катар тең өлүп, / Кошулуп Уушаң дагы өлүп, / Коңурбайдан башкасы, / Катардагы хан өлүп, / Таанылган элге жан өлүп, / Калгандыгын укканбыз, / Мына минтип түгөнүп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
— деп, / Жору куйрук Кызыл алп, / Акым, Шакым эки дөө, / Катардагы Сурмерген, / Кунун сенден куубасам, / Кылычты канга жуубасам, / Калыбек атым курусун, / Болбой тирүү турушум!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Казатка барып окто өлбөй, / Же кан жөткүрүп үйдө өлбөй, / Душман эмес өзү өлсө, / Карапайым киши эмес, / Катардагы хан өлсө, / Ишибиз биздин оңбостур, / Кабыбыз кийин толбостур.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Отуз миңден жылкы айдайт, / Катардагы чоң байлар, / Кара малдан төөсү көп, / Атка жетпей жөөсү көп, / Бүтүн жибек кийгени, / Өлүмдү булар билеби?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Миң алтындан пул салды, / Катардагы байларга: / “Байыртан казак башынан, / Касиет калка тушунан, / Калмак менен биригип, / Короолош болгон эл элең.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →