ката

китептерде 78 жолу, 10 китепте
  1. Туура эмес, натуура, жаңылыш, чеки.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Тууралап айтса Медеркан, / Ого бетер Мөңкөтай, / «Какшып айтып жатат, — деп, / Акчыланып бу казак, / Жүрөккө канжар батат, — деп, / Менин ошондо шорум катат» — деп, / Ачкан оозун жумалбай, / Айдан ачык тунук сөз, / Ашкере муну угалбай, / Өңгүрөп ыйлап жиберди, / Көзүнүн жашын тыйалбай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Төрт айагы кула аттын, / Топону көккө сапырып, / Жал-куйругу жайылып, / Катап келген көпчүлүк, / Калбай баары жабылып, / Жанаша албай кула атка, / Шамал артта калыптыр, / Ачып көздү жумганча, / Коросондон коргонго, / Кененим жетип барыптыр, / Дарбазасы сом темир, / Коргону бийик бир сеңир, / Эшик эндүү ай балта. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Этегим жаап ката элек, / Серек, Сыргак жаш балдар, / Эшикке чыгып сийе элек, / Арнап миниш ат тургай. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кадамы катат эмеспи, / Кандай адам катылса? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Ар күнү Үсөндүн башында дилде боло берет, аны кемпир алып ката берет. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →