кастык

китептерде 81 жолу, 9 китепте
  1. Душмандык, бирөөгө каршы тургандык, кас болгондук, каршылык.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Бөлүнүп бизден Каракөз, / Кыргызга барып бата албайт, / Сегиз хандын баарысын, / Селдей канын төксө да, / Кыргыз кебин эп көрбөйт, / Кастык кылды коргонго, / Күнөөсүн мунун өткөрбөйт. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
…канбы, / Кененим жокто жетем, деп, / Кеңирсип жаткан кыргызды, / Асты-үстүнө кылам,деп, / Коросондун каалгасын, / Бузуп кирди талкалап, / Күмбөзүнө айкөлдүн, / Кастык кылып жүрбөсүн, / Так түшүрүп баткалап, / Сайа түшүп изин кууп, / Сапырылтып жөнөдү, / Башка жакка бурулбай, / Таласты карай беттеди. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Оогандын Апы, Напысы, / Андан башка сыйкыры, / Чоң кастыкты кылбасын, / Азык-түлүк чатырдан, / Абаң Бакай баштаган, / Ажырап калып жүрбөйлү, / Кыргыл баштап кыркынан, / Дайарданып сен бешөөң, / Асманда учкан чымчыктан, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас» контекстте окуу →
/ Кастык кылган биздерге, / Канчоро менен Чачыкей – / Баштыгын кандай кыларбыз? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ошондо бойум чыйрыккан, / Кастык кылат белем — деп. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →