касташ
- Бири-бирине кас болуп жоолашуу, каршылашуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кайраттуу канча жан өлгөн, / Кара кытай Зоңтары, / Касташып келген хан өлгөн.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Коромжунун Кубатай, / Чоңойуп жашы эр болду, / Отуз шаардык Коросон, / Козголтпой ага ээ болду, / Отуз шаардын улугу, / Муну менен касташкан, / Киши калбай куруду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Касташканды кем кылдың, / Кара жерге тең кылдың, / Калмактан келген Калдайды, / Мен- мен деген чанданды, / Баарысын жалмап жеп койдуң.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н суусундай, / Канды төккөн журтунда, / Баатырларга, баашага, / Баш ийбеген бир күн да, / Качырганы илбирстей, / Кайсаганы жолборстой, / Кадимтен эр атанган, / Касташканы соо болбой.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Илгери-илгери бир кашкулак менен бир үпүп экөө кыйышпас дос болушуп, бири-бирине касташпоого убада кылышып, ант беришип, дайым бир жүрүшөт.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →