кастарлуу
- Ардактуу, кадырлуу, урматтуу.
- Каадалуу, урматтуу, сарамжалдуу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кастарлуу атын карматып, / Казактан тыңды ылгатып, / Кармайлы десе тору атты, / Карматпады чылбырын, / Таласты көздөй жөнөдү, / Талаанын жели сыдырым, / Ар кандай иштер келет го, / Айласы көп кылымдын.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
Айбандан буурул мойну ооруп, / Тарткылык келип капташып, / Мына мындай иш болуп, / Жазганбай жоого тийерде, / Жан айабай кирерге, / Айбаттуу эрдин колу жок, / Кастарлуу аттын мойну жок, / Суркойондун бутуна, / Ок тийип аксап сороктоп, / Каргаша келип капташып, / Мына минтип томолок, / Тоо тайанды төрт баатыр, / Жан соогалап то…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Кайрылып Алмаң карады, / Кастарлуу Эркеч айашы, / Улутунуп бир алды, / Өз ойунда соолулду, / Үзүлгөндөй сабагы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Бул түгөнгөн Канчоро, / Каары катуу зор Кыйаз, / Хан Бакайдай карыга, / Кастарлуу Гүлүс эренге, / Каныкейдей энеге, / Кадырлуу Чүрөк жеңеге, / Короолош коңшу болгонду, / Кырып салып тынарбы?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
/ Качырганга жараша, / Аңтара сайып алалбай, / Колундагы найзасын, / Сомбилекке жулдуруп, / Жулуп алган найзанын, / Жол бойуна ыргытты, / Өз найзасын өзүнө, / Карчытка сайбай мылгытып, / Кастарлуу баатыр Сомбилек, / Күчүн билмек белгилеп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →