кастарла
- Баркын көтөрүү, ардак-сый көрсөтүп ардактоо, кадырлоо.
- Аёо, сактоо, баптоо, алпештөө.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Качканы чын, жалган жок, / Менменсиген хан Чиктей, / Сөз талашар дарман жок, / Калжаңдап намыс талашып, / Качырар шайы калган жок, / Чиктей хан мойнун бурганы, / Кастарлап келген он балбан, / Карап булар турбады, / Батак деген немеси, / Балбан сынып найза сунганы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…н, / Жатты тарткан жакындай, / Кадыры эрге алтындай, / Куйулма ооздуу ширин сөз, / Кокойгон мойун, жалжал көз, / Бети кызыл чыландай, / Карахан кызы Каныкей, / Кастарлап алган зайыбы бар, / Топ жубандын ичинде, / Чолпондой болгон дайыны бар, / Айтылып жүргөн өр кыздай, / Анын кайдан айыбы бар?
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
…/ Чоң казатка барганда, / Көк күлдү кыштап калганда, / Олуйа Кошой эрмекке, / Өрдөккө салган куу кумпай, / Кыпылдаган карчыга, / Алп Төштүк салган кыргоолго, / Кастарлаган куш эле, / Зыпылдаган Кыргыйек, / Бекер кыргый ал эмес, / Букардагы Темиркан, / Көз тийет деп кызыма, / Байлап койчу Кыргыйек, / Каныкейдин жанына, / Жандап жү…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейит»
контекстте окуу →
/ Мадыкүл уулу Кутургур, / Жанжурбөскө келди, де, / Кастарлап келген кеп экен, / Кең таласка келмекке, / Колунан келсе бадырек, / Кыргыздын элин бөлмөккө, / Кутубайдын Кара дөө, / Карсылдашып көрдү, де, / Ар канча кылса к…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
/ Кастарлап минген Буурулду, / Жайлоого салып жиберген.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →