кассация
- юр. Төмөнкү сот инстанциясынын закондуу түрдө күчүнө кире элек жана соттоо эрежелерине ылайык эмес деп табылган чечимдерин, чыгарылган өкүмдөрүн жогорку соттун кайра карап, жокко чыгарышы.
- юр. Сот өкүмүн ушундай кылып кайра карап чыгуу жагын суранган арыз, өтүнүч, даттануу.
- юр. Конституцияны же шайлоо мыйзамын бузгандыгы үчүн өткөрүлгөн шайлоолорду туура эмес деп таап, аны жокко чыгаруу жолу.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Китептерде бул сөз азырынча табылган жок.