каскактуу

китептерде 4 жолу
  1. Каскакка сайылган, каскагы бар, саптуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Дегенче барып жаш арстан, / Каскактуу найза каз таман, / Кан чыгарбай денеден, / Катар сайып өттү эле, / Кара саат жаш бала, / Мына мындай күчтүү эле, / Тебетейдей телп этип, / Экөө тең аттан түштү эле, / Тура калып Антала: / — Кайдан келдиң, жаш бала, / Бейбаш өскөн мас бала? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Каракөз жакын келгенде, / Кайраты артык кабылан, / Кылычын салып кынына, / Үзөңгү теппей минди эле, / Нардай болгон тору атка, / Каскактуу найза кармады, / Каракөздүн найзасын, / Кагып ийип кабылан, / Каңтара сайып салганы, / Аңыраңдап келгенде, / Аңтара сайып салганы. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →