каскак
- Желектин, туунун сабы, желек, туу байланган узун таяк.
- Жыгач, бакан, келтек, союл.
- Учуна темир ашталган найза.
- өт. Жолтоо, тоскоолдук, бөгөт.
- Тамак ичилип жаткан учурда ичинде суусундук, тамагы бар идишке кокустан түшө калган чегиртке, чымын сыяктуу курт-кумурска.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Каскактын учун кан кылып, / Калмактын башын маң кылып, / Чамбыл ала чаң кылып, / Заманасын тар кылып, / Кырып кетип баратат, / Кыйырын бузбай кыйратып, / Кабыргасын карк…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…е кошулуп, / Коросон менен испандан, / Кызыл кан агып жошулуп, / Коросон менен испанды, / Койдой айдап үркүтүп, / Аркасына жандырды, / Кызымталдуу баатырлар, / Каскактын учун кан кылды, / Кара жерди май кылды, / Коросон менен испанга, / Кең дүйнөнү тар кылды, / Бөлүнүп чыкты эл үркүп, / Кайра качып дүркүрөп, / Жер аңга түшүп ке…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Тыңы менен чабалын, / Тебетейдей ыргытып, / Көгүчкөндөй зыргытып, / Каскактын учун кан кылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Каскаксыз найза колго алып, / Эки жапан айдады.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
…аратат, / Кабат-кабат кесирим, / Аттанып кетип баратат, / Жанаша түшкөн немесин, / Жастантып кетип баратат, / Кылычтын канын чубултуп, / Кырып кетип баратат, / Каскактын учун кан кылып, / Сайып кетип баратат, / Эки этегин бош таштап, / Жайып кетип баратат.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →