касиет
- Керемет сыйкыр.
- Бир нерсеге таандык болгон өзгөчөлүк, белги, мүнөздүүлүк.
- Түзүк, мыкты деп баалануучу оң маанидеги сапат, кадыр-барк.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Атагың кыргыз, ак калпак, / Каныкей берген касиет, / Арзан эмес ат калмак, / Ай-ааламга таанылып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Касиет, калка бир тууган, / Албан, кызай - эки урук, / Казак андан туулган.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Жайкалып жаттың он күнү, / Жаш арстан Манас баатырдын, / Касиетин байкадың.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Хан болдуң араң бир жылы, / Касиет конуп оңолдуң!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Алар:"Эми булардын касиетинин тууралыгын текшерип көрөлү"-дешип карашса, Куфа шаарынын падышасынын кызы өлүп, жаңыдан койгону даярдап жаткан экен.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →