касаба
- Бир жак бети жарданып калган, кыр тарткан кар.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
…п, / Жүзүн көргөн адамзат, / Бүткөн бойу дирилдеп, / Мас болгон нардай күркүрөп, / Көргөндүн бойу дүркүрөп, / Орто-карта баатырдын, / Сийдиги чыгып бүркүрөп, / Касаба тоодой жарданып, / Албарстан найза карманып, / Качырып кирди шаңданып, / Манжу Бодоң, Бекбача, / Эрегишип кездешип, / Өлөр жерин чиктешип, / Өчүгүшүп көгөрүп, …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
…йдын чериндей, / Тиштери арсак кырчактай, / Кара бойу мунардай, / Колу- буту чынардай, / Оозу тоонун үңкүрү, / Бул өңдөңгөн адамды, / Мындан мурун ким көрдү, / Касабасы калкылдап, / Кара бойу бүт темир, / Күн чагылып жалтылдап, / Айбаты элди коркутуп, / Тармалкөк менен булкунтуп, / Алы келбей оозуна, / Алоолонтуп жулкунтуп, / …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
…бир-бирден: / — Оронгу деген бар экен, / Эсен хандын ордуна, / Эл башкарган хан экен, / Ушул кезде Оронгу, / Жетимиш ашкан чагы экен, / Хан экенсиң калдайып, / Касаба тоодой далдайып, / Жыгылып калаар чагы экен, / Кимден да болсо дардайып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
деп Семетей, / Бузулуп өңү сурданып; / Суркойон минип шаңданып, / Касаба тоодой жарданып, / Алмамбет уулу Гүлүстөн, / Кыл муруту бириндеп, / Каары жүзгө айланып, / Алмабаш мылтык, Акшамшар, / Балтасы болот таш чабар, / Торгой көз те…
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
…дырып талаада, / Кара баштуу бендеден, / Өзү жалгыз жупжудаа, / Түн атасы Манастан, / Урпактан урпак улантып, / Кара кытай каңгайды, / Канча сапар чуулдатып, / Касаба тоодой жарданып, / Атагы алаш дуулдашып, / Келе жаткан кызыл туу, / Манастан калган белек бу, / Сап темирге аштады, / Баатырдын уулу Сомбилек, / Кыранга сайып …
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сомбилек»
контекстте окуу →