каса
- Жылкынын урук бези, куулугу же ошол без орношкон жери.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Кызыл сууда кылаңдап, / Кызыл тумшук Ажыбай, / Кетип барат чубаңдап, / Жаргылчакты жакалап, / Жаңыртып атын такалап, / Тескей тоо менен калкылдап, / Нар буурадай шалкылдап, / Кийгени күмүш күрөкө, / Күн чагылып жаркылдап, / Күрөң аттын касасы, / Карчытында шалпылдап.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
/ Урган таштай зыркырап, / Учкан куштай дыркырап, / Шалпылдаган касасы.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
– Топуракты каса турган күрөгүм жок, сен тоодогу кийикке баргын да мүйүзүн сура.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →