кас2
- Артыкча, өзгөчө, мыкты, чынгы, башкача.
- Жеке өзүмдүк, менчик.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
Сайма жаргак кемсели, / Ийнине баса кийилүү, / Кулагын алып үпчүлөп, / Көп кишинин бириндей, / Түк билинбей бул жүрөт, / “Медеркан келип күпүлдөп, / Чигитейге кас кылса, / Өлтүрүп койор жаш бала, / Туйундуруп баатырга, / Кетейин деп бул итти, / Аты менен мен сүйрөп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей»
контекстте окуу →
/ Бадыкөлдөн кыдыртып, / Баарын айтып угузуп, / Сага кылдым аны кас.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Салдырып бутка кең кишен, / Кынжылатып мойнунан, / Андан кийин Бакайдын, / Мабу кеп чыкты оозунан: / — Эл кыдырып келсин, — деп, / Чыккынчы болот ушундай, / Кыргыздын баары көрсүн, — деп, / Бирине-бири кас болбой, / Ынтымактуу жүрсүн, — деп.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек»
контекстте окуу →
Семетейдин катыны, / Шаатемир кызы Чачыкей, / Эрке катын атанып, / Жүргөндө жанды элебей, / Айчүрөк келип пас болду, / Семетейге кас болду.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей»
контекстте окуу →
Ушунун обонунда бир терең сыр бардай, кечке жакын сайды жаңыртып салган эркин обону менин жүрөгүмдү козгоп, касирет-кайгыдан бошотуп, алдакайда көтөрүп сергитип таштачу.
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →