карыя

китептерде 16 жолу, 3 китепте
  1. Жашап калган, жашы улгайган, кары киши.
  2. Жашы улуу, кары адамдарга (эркектерге) улуулугун урматтап кайрылуу түрү.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Семетей келсин алдыма, / Керек эмес малыда, / Чөк түшүп ыйлап отурсун, / Кол байлап менин алдыма, / Кабыл кылса кылармын, / Карыя Бакай наалыса, / Кечсем өтүп калармын, / Каныкей эжем таарынса, / Деп ошентип айтты эле, / Алмамбет уулу Гүлчоро, / Бели катуу бек чоро, / Белдсенишкен душманг… Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →
Карыялар «быйылкыдай эгин чыгып көргөн эмес» деп жүрүүчү. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
Ошого быйыл кырк жыл...— деп бир кур карыялар кетип баратып, өзүнчө кобурап коёт. Мукай Элебаев, «Узак жол» контекстте окуу →
– деп бир карыядан сураса, ал: Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →
Бала карыянын айткан жерине келип, чуңкур казып жатып алды. Элдик, «Кыргыз эл жомоктору» контекстте окуу →