карышкыр
- Бөрү, ит түспөлдөш келген жырткыч, иттин эзелки тукуму.
- Ушул айбандын терисинен жасалган кийим.
- өт. Алдымжуттумдугу бар, элди эзген зулум, шылуун, жегич.
Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.
Китептерден мисалдар
/ Жолборс чыгат суналып, / Илбирс чыгат чубалып, / Карышкыр чыгат кабышып, / Чөөлөр чыгат каткырып, / Адамдай күлкү салышып, / Көрүнгөн жанды кетирбей, / Такыр атып алышып.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача»
контекстте окуу →
/ Алты сапар беттешип, / Алышалбай калышкан, / Капканга түшкөн карышкыр, / Дал ошондой кайышкан, / Эр Саламат нетиптир, / Эл аралап чуу салган, / Козголбой жаткан тынч элге, / Коркутуп барып кол салган, / Кесилеттин тобуна, / Аралап кирип кетиптир.
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим»
контекстте окуу →
/ Бозала туйгун болпондор, / Боз карчыга солтондор, / Бу дүйнөлүк жолдоштор, / Оо дүйнөлүк колдоштор, / Качырганы жолборстой, / Кармаганы илбирстей, / Кайсаганы карышкыр, / Бири миңге барабар, / Кара башы жалгыз бир, / Кайрандардан айрылдым!
Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Манас»
контекстте окуу →
Кызыл чоктордун кесиби ошол, алар ээн жердин карышкырындай кутуруп, ары-бери өткөндү талап, тал түштө маңдайга чабуул жасап келе коюп, азыктүлүгүн артынып, жумушка түшүп бараткан бирин-серин кедейлерди кармап алып, аты…
Мукай Элебаев, «Узак жол»
контекстте окуу →
Күндөрдүн биринде багып жүргөн койлорума карышкыр тийип, бир тобун кырып кетет.
Элдик, «Кыргыз эл жомоктору»
контекстте окуу →