карыш2

китептерде 101 жолу, 10 китепте карыш 1 →
  1. Колу-буту же жаагы тырышуу, жазылбай жыйрылып калуу.
  2. Ачкалыктан алы кетүү, кайышуу.
  3. өт. Өжөрлөнүү, көктүк кылуу, айтканынан кайтпоо.
  4. өт. диал. Аңга коюлган капкан куру чабуу, эч нерсе түшпөй калуу.

Булак: «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, Бишкек, 2019.

Китептерден мисалдар

/ Кайра жаачу булуттай / , / Карарып өңү бүркөлүп, / Кабагы карыш чүмкөлүп, / Буту сынып жаны ачып, / Качырып кирди «Манастап», / Кара жанга күч келип. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Асылбача-Бекбача» контекстте окуу →
/ Аз эле жылдын астында, / Каңгайлар айдап жүргөндө, / Таманыңа шиш кагып, / Куйкаңды карыш тилгенде, / Ыштаныңа сийдиңби? Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Чигитей» контекстте окуу →
/ Санаасы санга бөлүнүп, / Тирүүлүктөн өлүмү, / Карыш жакын көрүнүп: / “Кененимди угушта, / Кең пейил деп угамын, / Пейли мага кең болбойт, / Саламатты бузганым. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Кененим» контекстте окуу →
/ Шиберге келсе жүгүрүп, / Тикен болуп шиберлер, / Таманын тилип тепчилип, / Сууга келет акактап, / Тили карыш салаңдап, / Суунун бетин көрсөтпөй, / Күн тумандап далдаалап, / Үңкүргө кирсе ачылбай, / Ичине муну жаткырбай, / Таштар кулап калдырап, / Качып чыгат алдырап, … Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Сейтек» контекстте окуу →
/ Ай менен күндү эсептеп, / Жылдызга каршы күндөрдө, / Серпилип атка минчү эмес, / Үйдөн карыш жылчу эмес. Жусуп Мамайдын айтуусунда, «Семетей» контекстте окуу →